
Баткен районунда «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү автоунаа сайга оодарылып кетти. Кырсык 16-сентябрда Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу (1953-жылы туулган А.У.) каза болгон. Сайга оодарылган автоунааны ӨКМнин куткаруучулары жолго чыгарып беришкен.
Пикир калтыруу