Президент ишкерлерге жаралган тоскоолдуктарды моюнга алды

Кыргызстанда ишкерлик чөйрөсүнө сот жана укук коргоо органдары тарабынан тоскоолдуктар бар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президент өз сөзүндө бизнесмендерден өкмөттүн дарегине да дооматтар бар экенин айтты.

«Ошентсе да, Өкмөттүн, сот системасынын, укук коргоо органдарынын дарегине бизнес коомчулугунун айта турган олуттуу дооматтары жана суроолору бар. Чынында эле бул дооматтар жүйөөлүү. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик органдар, ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна, дагы эле ар кандай текшерүүлөр менен алардын ишине кийлигишкен учурлар уланып жатат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент менен болгон жолугушууда айрым ишкерлер текшерүүлөрдөн жана тоскоолдуктардан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөлөргө көчүрүп кетип жатканы тууралуу   айтылды.

Ишкерлерди мыйзамдардын туруксуздугу, салыктардын жана социалдык төлөмдөр, салыкты администрациялоо, ЕАЭБ рынокторундагы атаандаштыктын адилеттүүлүгү жөнүндөгү маселелер да тынчсыздандырат.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо