Араван: ишкерлер ачкан жол элди убайымга салды

Араванда «Ак ниет» пахта заводу жүк унааларына жол сала баштады. Ал жол эл жашаган көчөдөн ачылып жатканына жергиликтүүлөр нааразылык билдирүүдө. 

Оор унааларга ылайыкташкан жол Юсупова айыл өкмөтүнүн Азизахунов көчөсүнө курулуп жатат. Ал эми 30 жылдан бери пахта заводдун негизги жолу болуп келген Ленин көчөсү жүк машинелерге чектөө киргизмекчи. Буга аталган көчөдө балдар бакчасы, мектеп жана колледж жайгашканы себеп болуп турат.

Деген менен Азизахунов көчөсүнүн жашоочулары Ленин көчөсүндөгү чектөөнү башка кызыкчылык менен байланыштырышат. Айтымдарында, ошол көчөдөгү мектеп, колледж жана бакчага пахта заводду жетектеген Мухаммеджан Мамасаидов өзү ээлик кылат. Ал менчигиндеги мекемелердеги окуучулардын коопсуздугу үчүн жолду жылдырды деп жашоочулар нааразы.

Жашоочулардын билдиришинче, завод жетекчилиги каршы чыккандарды мажбурлап баштады. Тал-теректерди уруксатсыз кыйдырып, турак-үйлөргө коргондорду (забор) ичкери киргизгиле деген талап коюп жатат. Арызданып чыгам дегендерге кызмат сунуштап, ымалага келүүнүн айласын да издөөдө.

-«Мен буга чейин география сабагынан сабак бергемин. Азыр иштебеймин. Пахта заводунун жетекчисинин аялы мага мектептин директорлугун сунуштады. Мен таза болоюн деп макул болгон жокмун. Азизахунов көчөсүндө нан заводу да бар. Оор жүк ташуучу автоунаалар көп өтөт. Балдарыбыз эшике чыгып ойной албайт. Көчөнү чаң басат. Ошого макул болбой жатабыз»,- деди Махира Асанова

Аравандын борборундагы Азизахунов көчөсүндө 40 үй-бүлө жашайт. Эч бири жол салганга бизден макулдук суралган эмес деп даттанышат. Завод жетекчилиги болсо тиешелүү уруксаттарга таянып, жол ачып жатышканын билдирүүдө.

» Азизахунов көчөсүнөн жол ачуу жергиликтүү бийлик менен кошо пландалган. Тийиштүү кызматтардан да жолду кеңейтүүгө уруксат алынган. Ошонун негизинде жол кеңейтүүнү баштайын дегенде жашоочулар каршы болуп чыгышты. Алар пахта заводдо акча көп деп эле бизге асылып жатышат. Биздин заводдон сырткары ал жерде мурунтан эле нан заводу болгон. Ага Бишкектен жүк келет. Эми биз жүргүзөлү десек каршы болуп жатышат»,- деди пахта заводдун жетекчиси  Тойчубек Юсупов.

Райондук администрация чын эле завод жетекчилиги менен биргеликте пландалган иш экенин ырастайт. Район акиминин орун басары Тойчубек Сатыбалдиевдин билдиришинче, талаш болуп жаткан жол чарбалык  болуп эсептелет. Мыйзам боюнча чарбалык жолго эл тоскоолдук кылганы туура келбейт.

Бул жолдон мурун эле жүк ташуучу унаалар кирип чыкчу. Азизахунов көчөсүндөгү жолду кеңейтип жол кылалы деген маселени булар туура эмес түшүнүп жатышат. Биз элдин үнүң уктук. Жетекчилерди чакырдык, эми тийиштүү маселени мыйзам чегинде карап туруп буларга жооп беребиз. Эгерде жол чындыгында мыйзамга туура келбесе жүргүзбөйбүз. Бирок андай чектөө мыйзамда жок»,- деди Тойчубек Сатыбалдиев.

Азырынча райондук администрация жол ачуунун мыйзамдуулугун качан карап бүтөөрүн аныктаган жок. Тактоо иштери жүргүзүлүп жатканы менен Азизахунов көчөсүндөгү жол кеңейтилүүдө.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо