Эрте никелешүүнүн кесепетин дин кызматкерлери жайылтышат

  • Ошто “Эрте никени алдын алуу” аталышындагы  долбоор башталды. Анын алкагында дин кызматкерлери  медреселердеги окутуучулардын билимин жогорулатмакчы. 
  • Семинарлар балдар жана кыздар окуган медрелердин баарында өткөрүлөт.  Окутууларда эрте никелешүүнүн кесепети тууралуу маалыматтар берилмекчи.Долбоор алты айлык. Ал «Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашып жатат. Максаты — диний лидерлердин түшүндүрмөсү аркылуу эрте никелешүүнүн алдын алуу.
  • Эрте никеге туруунун зыяндуулугу тууралуу биринчи кезекте маалыматты ата-энелерге жеткирүү зарыл. Анткени жаш кыздардын тагдыры көбүнчө ата-энелердин чечиминен көз каранды. Андан соң кыздар менен балдар турмуш куруунун жоопкерчиликтери менен таанышып, андан соң бул чоң чечимге баруу керектигин түшүнүүсү керек”,-деди фонд жетекчиси Гульсана Абытова.
  • Эрте никеге каршы долбоор сентябрдан башталып, жумушчу топ жыйындарды өткөрүүдө. Бүгүнкү отурумга Ош облусунун баардык райондорунан медреселердин окутуучулары, дин комиссиясынын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери катышышты.
  • «Аялдар тынчтык банкы» буга чейин мектептерде, окуучу кыздарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп ири маалыматтык кампания өткөргөн. Бул жолу диний лидерлер менен өткөрүүнү баштады.
Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо