ӨКМ: Караколдо базардагы өрт зыяны такталууда

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарынын 836 чарчы метри күйүп кетти. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Министрликтин маалыматына караганда, 8 контейнердеги кийим-кече жана азык-түлүк товарлары өрттөнгөн. Азыр келтирилген материалдык зыян жана өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

17-сентябрда саат  22:35те Каракол шаарындагы Карл Маркс жана Д.Дербишев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Ак-Тилек” базарында контейнерден өрт чыккан. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 02:10до толук өчүрүлгөн.

Автор Т-медиа 11661 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*