Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 18-сентябрда саат 04:57де Чүй облусунда жер силкинди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча  Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй районунун Юрьевка, Алмалуу айылдарында 3 баллга, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо