
Бишкектин четиндеги “Супара” этно комплексинин 1000 чарчы метр аянты күйүп кетти. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди.
Маалыматка ылайык, этно комплекстин жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй толук күйгөн. Азырынча келтирилген чыгым так аныктала элек.
«Азыр материалдык чыгым эсептелип жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби да аныктала элек. Тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз»,- деди Мая Шаимкулова.
Бүгүн саат 02:05те “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Жабыркагандар жок. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 03:24тө өрт чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн.
Пикир калтыруу