Супарадагы өрттүн болжолдуу себеби аныкталды

Бишкектин четиндеги «Супара» этнокомплексиндеги чыккан өрттүн алдын ала божомолу чыкты. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча өрт кырсыгы электр зымдарынан чыккан деп болжолдонуп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова «Т-Медиага» билдиргендей, өрт этнокомплекстин ашканасынан электр зымдарынын туташуусунан чыккан деген версия бар.

«Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрт «Супара» этно комплексинин имаратынын жаңы ашканасында чыккан. Өрттүн келип чыгышы электр жабдыктарын өрт коопсуздугунун эрежелерин сакталбаган деген божомолдор бар. Өрттүн келип чыгышынын себептерин толук жана так ӨКМнин лабораториясы текшерип жатат»,- деди Мая Шаимкулова.

Эскерте кетсек, 18-сентябрда саат 02:05те  “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Өрт этнокомплекстин 1000 чарчы метрин жалмап, жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй толук күйгөн. Азырынча келтирилген чыгым так аныктала элек.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо