Жол акы картасын кантип алса болот? Графика

Октябрдан тарта Ош шаарында автобус жана троллейбустарда жол акы автоматташтырылат. Жүргүнчүлөргө жол акы карталары борт жабдыктары орнотулуп бүткөн соң бериле баштайт.  

Карта жүргүнчүлөргө акысыз берилбейт. Азырынча 68 сомдон сатылат деп болжолдонуп жатат. Түшкөн акчага кайра эле сырттан карталар сатып алынып турмакчы.

«Картанын долбоордогу баасы 68 сомго туура келип жатат. Бирок ал сумма так чечиле элек.  Бааны алдыда мэрия менен биргеликте карап чыгабыз. Андан сырткары,  картаны жүргүнчүлөрдүн баарына сатканды да тактайбыз. Азыр пенсионерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акысыз берүү боюнча маселе чечилбей турат»,-деди муниципалдык автоунаа мекемесинин башчысы Мурзабек Дубанаев. 

Карталар Чехиядан алынып келет. Азырынча 30 миң дана келээри күтүлүүдө. Калганы жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына жараша буюртма берилип, алынып турат.

Жол акы карталары Ош мэриясынан жана муниципалдык автоунаа мекемесинен берилет. Андан сырткары студенттер шаарчасына да уюштуруу жагы пландалып жатат.

Автоматташтырылган система октябрь ичи ишке кирет. 30-сентябрга чейин автобус жана троллейбустарга борт жабдыктары орнотулуп чыгат. Орнотулган борт картадан сырткары тыйындарды да кабыл алат.

Системаны ишке ашырууга европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынан 684 миң евро ажыратылган. Жаңычылдык — жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана айдоочулардын ашыкча акча алышына жол бербөө максатын көздөйт.

Ош шаарында 30 автобус жана 30 тролейбусс  эки багыт боюнча каттайт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо