ИИМ Супарадагы өрт боюнча үн катты

Бишкектин четиндеги «Супара» этнокомплексинде чыккан өрттө эч кандай кылмыш белгилерин мүнөздөгөн жагдайлар чыга элек. Эксперттер өрт коопсуздук талаптары сакталбаган жана кокустук деп эсептешүүдө. 

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Анда айтылгандай, өрттүн келип чыгуу себептери акыркы корутундусу чыккандан кийин айтылат. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералардын тасмалары алынган.

Окуяны иликтөө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобуна жүктөлгөн.

Эскерте кетсек, 18-сентябрда саат 02:05те  “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Өрт этнокомплекстин 1000 чарчы метрин жалмап, жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй толук күйгөн. Азырынча келтирилген чыгым так аныктала элек.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо