Иликтөө: Төлөйкөндөгү 2 гектар айдоо жерге үй курууга ким уруксат берген?

Мораторий киргизилгенине карабай Ош облусунда айдоо талааларына турак-жай курулган. Кара-Суунун Дыйкан-Кыштак участогундагы 2 гектар жерде азыр чакан конуш түптөлүүдө. Айыл өкмөт маселе боюнча журналисттерге эки ай бою маалымат берүүдөн качып, аягында жарытылуу жооп айта алган жок. Башка мекемелер болсо дыйканчылык жерге кантип үйлөр тургузулуп калганын иликтөөгө киришти.

Учурда кыргыз өкмөтү айдоо жерлердин мыйзамсыз трансформацияланышын көзөмөлгө алган. Тапшырманы премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ушул жылдын 3-майында жер маселеси боюнча өкмөттүн кеңешмесинде милдеттендирген эле.

Өкмөт көзөмөлдү күчөткөн учурда Төлөйкөндө сугат жерлерге үйлөр салына баштады. Жаз алдында пайдубалы түптөлгөн үйлөрдүн алды тургузулуп бүтүп калды. Бирок айдоо аянттары кайсы токтомдун негизинде турак-жай багытына айланганы бүдөмүк болуп турат. Айыл өкмөт мыйзамсыз жагдайды мурдагы жетекчиликке таңуулайт. Анткен менен курулуш азыркы башчынын учурунда башталган.

2 гектар жер боюнча түшүндүрмө

Дыйкан-Кыштак участогу Ош шаарынын Анар кичи району менен чектешет. Кара-Суу району менен шаарды ортодогу көчө гана бөлүп турат. Эки жыл мурун эле эгин эгилип жаткан бул жерге азырынча 6 үй түштү. Алдыда дагы канчоо курулаары анык эмес. Сөз болуп жаткан 2 гектар жер канча жаранга берилип кеткендигин айыл өкмөт тактап айта алган жок.

                                                                            Үлүш ээлери кантти?

Негизи айдоо аянты үч адамдын үлүшү болгон. Эки жылдан бери айыл өкмөттүн айтканына таянып, эгин эгишпейт. Ортодо келишим түзүлгөн. Убадага ылайык, үлүш ээлерине ошол жерден үй салууга 12 сотыхтан тилке берилмек. Андан бери эки жыл өттү. Убада кур сөз боюнча турат.

«Үлүш жерибиздин ордуна үй салууга чек беребиз дешкен. Менин да уулдарым бар. Аларды бөлүшүм керек. Ортого бир адам түшүп (ал адамдын атын айта албайм) жериңерди айыл өкмөткө бергиле, ордуна 6 сотыхтан эки чек беребиз дешти. Макул болдук. Чекти ала элекпиз. Айыл өкмөткө барып жатабыз, эртең, бүрсүгүнү деген гана жооп”,- дейт Хайрулла Атабаев.

                                                    Айыл өкмөт башчысы жооп берүүдөн качты

Мыйзамга каршы жүргүзүлүп жаткан курулуш боюнча жер ээси болгон айыл өкмөттүн кабары жок. Айдоо талааласы турак-жай багытына кандайча өзгөргөндүгү жөнүндө эч кандай токтом көрсөтө алышпады. Кечээки талаа азыркы конушка эмненин негизинде айланып отурганын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдукаримов түшүндүргүсү да келген жок. 1 саатча күттүрүп, бул маселеге убакыт бөлө албайм деп койду.

Жооп ала албаган соң, жогорудагы жер кайсы токтомдун негизинде чекке берилгенин билүү үчүн расмий кат жөнөттүк. Кайрылуубузга 14 күндөн кийин төмөнкүдөй жооп келди.

Жергиликтүү бийликтин жообунан кийин токтом чыгаруучу орган болгон айылдык кеңештин депуттарына кайрылдык. Төрага Кубаныч Турдуев да жарытылуу маалымат айта алган жок. Ал эми үч жолку чакырылыштын депутаты Сагын Тосонбаев айылдык кеңеш тарабынан жерлерди трансформациялоо боюнча токтом чыкпаганын билдирди.

Эч кандай токтом табылбаган соң жердин багытын аныктамай болдук. «Кыргызмамжердолбоорлоо» институту талаш жаратып жаткан 2 гектарды далилдеген аныктама чыгарып берди.

                                                            Акыйкатка сыйбаган жооп

Жердин багыты аныкталды. Кызыгы, турак-жай курууга мамлекеттик акт берилгенби деген суроо туулат. Иликтөөнүн жүрүшүндө “билбейбиз”, “карап жатабыз” , “тактайлычы” деген маселе көпкө созулуп кетти. Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу райондук бөлүмү деле аныктоо киргизген жок. Жетекчинин орун басары маалымат берүүнү башчысына оодарса, ал болсо 4 жолу барсак да иш ордунда жок болуп чыкты.

                                                                  Такталбаган кызыл китеп

Кара-Суу райондук архитектурасынын маалыматына ылайык, Дыйкан-Кыштак участогундагы жаңы конуштун башкы планы түзүлгөн эмес. Курулуштардын мыйзамдуулугун карап чыгуу боюнча мекеме экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекция менен райондук прокуратурага кат жолдогон. Азырынча жооп келе элек.

“ Төлөйкөн айыл аймагындагы Дыйкан-Кыштак участогу боюнча бизге эч кимден кайрылуу түшкөн эмес.  Биздин башкармалык тарабынан да курулушка эч кандай уруксат кагаздар берилген жок. Ал жер тууралуу биз качан гана курулуштар башталганда билип отурабыз. Негизи башында айыл өкмөт тарабынан кайсы бир жаранга жер участогу бөлүнүп берилсин деген токтом чыгарылып берилет. Ошонун негизинде биздин башкармалыкка арыз жазышат. Башкы планды карап, курулуш участогуна барып, үйүнүн долбоорун иштеп, анан гана уруксат кагазын беребиз”,-дейт мекеме жетекчисинин орун басары Равшан Ашыров.

                                                                               Айланган кат

Райондук прокуратура ишти карап чыкты. Азыр ал иш облустук прокуратурасына ашкан.

“Каттын негизинде текшерүү жүргүзүп, юридикалык баа берүү максатында  кылмыштарды каттоо китебине катталды.Чогултулган материалдар бүгүнкү күндө Ош облустук прокуратурасына оозеки суроосунун негизинде өткөрүлүп берилди” –дейт Кара-Суу райондук прокурорунун орун басары Саркарбек Эшманов.

Облустук прокуратура ишти карап жатат. Азыр териштирүү жараяны жүрүүдө. Алдын ала жыйынтык же корутунду качан чыгышы боюнча маалыматты ачыктай алышкан жок. Иликтөөнүн талаптарына ылайык, аныктама кеңири берилбейт деген жооп келди.

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү чиеленишкен бул маселени элдин арызынан кийин билишкен. Эгер жер мыйзамсыз деп табылса, курулуштар бузулуп, кайрадан айдоо аянттары калыбына келтирилет деп ишендиришет.

» Бизге чейин Кара-Суу райондук администрациясынан атайын комиссия барып текшерген экен. Чындыгында мыйзам бузуу бар экени аныкталып, экотехинспекциясы иш жүргүзүп жатыптыр. Тактоо учурунда үлүш ээлеринен эч кандай макулдугу, алар менен түзүлгөн келишими жок болуп чыкты. Чын эле үлүш ээлерин бастырып айыл өкмөт жол салдырганга аракет кылган. Үйлөр да салынган. Негизинен курулуш курганга мүмкүн эмес. Тиешелүү органдардын корутундусунан соң, биз карап чыгып мыйзамдын негизинде тиешелүү чараларды колдонобуз”- дейт Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Раимберди Мөөнөкбаев.

                                                                      Чийки иштелген мыйзам

Көп жылдар бою архитектура тармагында иштеп келген Нурбек Баетов мораторийге карабай, айдоо жерлерде курулуш жүрүп жатканы мыйзамдын чийкилигин билдирет деп эсептейт. Трансформациялоого тыюу салынганы менен мыйзамдын айрым пунктарында жердин категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгер эл жергиликтүү бийликке жүйөөлүү себеп келтирсе, жер багытын өзгөртүүгө жол ачылат.

«Үлүш жерлерге турак-жай курбоо үчүн атайын мораторий кабыл алынган. Кыргызстандын саналуу эле жери бар. Сугат жерлер тартыш. Мораторий тууралуу мыйзамда бир нече под пункттар бар. Эгерде өкмөткө керек болуп калса жерди кайтарып алганга акысы бар деп жазылып атат. Биз законду катуу жаздык, бирок анын ичинде кайра эскертүү берип коюп атабыз. Мораторий- бул мыйзам. Аны бузган адам мыйзамды бузду деп айтылат. Бирок жанагы айткан подпунктар жол берип койду. Демек муну уюшкандык менен бутуруп жатышат» ,– дейт Нурбек Баетов.

Иликтөөнүн алкагында биз Башкы прокуратура, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги, Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекция, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтарынан турган өкмөттүк комиссиянын 2018-жылдын июль айындагы текшерүүсүнүн кортундусу боюнча Өкмөттүн басма сөз кызматына кат жолдогонбуз. Мындан сырткары Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо кызматына расмий кайрылуу жиберилген. Жооп келген соң, кошумча маалыматтарды жарыялап, «Т- Медиа» сайты бул маселеге кайрылат.

Адатта айыл өкмөт башчылары ар кандай мыйзам бузууларды мурдагы жетекчилерге шылтоолоп койчу адаты бар. Төлөйкөн айыл өмөтүнүн азыркы башчысы да ушундай позицияны карманууда. Бирок тиешелүү органдар алдын ала иликтөөлөргө таянып, айдоо жерлердин турак-жай курууга берилип кетишине учурдагы чиновниктер жооптуу экенин билдиришти.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо