Бүгүндөн аба ырайы өзгөрөт

Өлкөдө 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жана жайлоолордо кар жаашы күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°, Талас өрөөнүндө 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде,  Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*