Депутат: ички соода мыйзамы азыркы атаандаштыкка туура келбей калды

«Ички соода жөнүндө» мыйзам азыркы атаандаштык замандын талаптарына толук жооп бербей калды. Муну депутат Дастан Бекешев бүгүнкү парламенттик угууда айтты. 

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев  дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да акырындап салттуу соода аянтчаларынан кетип, кыйла өркүндөтүлгөн соода түйүндөрүнүн тутумуна өтүүдө. Ошондон улам, атамекендик өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүн дал ошол соода түйүндөрүнө жайгаштырууга умтулушканына карабастан, башка мамлекеттердин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импортчуларына анчалык атаандаштык түзө албай жатат.

«Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда 2000-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзам азыркы атаандаштык замандын талаптарына толук жооп бербей калганы даана байкалып турат. Жадагалса, анда «соода түйүндөрү» жана «ташып жеткирүүчүлөр» деген түшүнүктөр да жок, алардын өз ара мамилелерин жөнгө сала турган механизмдер, мамлекеттин тараптарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү максатында кийлигишүү механизмдери каралган эмес», — деди Бекешев.

Бекешев иш-чаранын катышуучуларын ички соода жаатындагы жагдайды, анда орун алган көйгөйлөрдү иштиктүү жолдорун, «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзамга ийкемдүү механизмдерди киргизүү демилгесин талкуулоого жандуу катышып, алгылыктуу сунуштарды берүүгө чакырды.

Ушул тапта «ички соода жөнүндө» мыйзамдын аткарылышына арналган парламенттик угуу өтүүдө.Иш чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, соода-сатык жаатындагы ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышып жатат.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо