Индиянын өкмөтү үч жолу талак айтып ажырашууну кылмышка теңеди

Индия өкмөтү “үч талак” берип ажырашууга тыюу салуу боюнча долбоорду колдоду. Бул тууралу Associated Press агенствосу билдирет. Шаршембиде жарыяланган жарлыкка ылайык, аялына талак берген эркектер эми үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жарлык президенттин кароосуна жиберилген. Өлкө башчысы кол койсо расмий күчүнө кирет.

Буга чейин талак айтып ажырашууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун парламент аркылуу өткөрүү боюнча индия өкмөтүнүн аракети ишке ашпай калган. Былтыр декабрда мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы жактырып, бирок жогорку палатадан колдоо тапкан эмес.

Ал эми Индиянын юстиция министри Рави Шанкар Прасад “үч талак” берип ажырашуу дүйнөнүн 22 өлкөсүндө тыюу салынган дейт. Арасында  Пакистан жана Бангладеш да кирет. Жарлык күчүнө кирсе мыйзам бузгандар үч жылга эркинен ажыратылат.

Бир жыл мурда өлкөнүн Жогорку соту үч жолу талак айтып ажырашууну аялдардын конституциялык укугун бузуу деп тапкан токтом чыгарган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо