Ош мэриясы жалгыз бой аялдын үйүн тартып алганбы?

Ош мэриясы жалгыз бой аялдын бир жарым миллион рубльга сатып алган батирин балансына өткөрүп алды. 11 жыл жашаган үйү муниципалдык менчикке кайтарылгандан бери аял үч кызы менен ижарага бөлмө алып жашап жүрөт. Муну Назгүл Назарова журналисттерге маалымат жыйын куруп айтып берди.

Назарованын билдиришинче, Ибраимов көчөсүндөгү №28 үйдүн алтынчы батирин ал 1993-жылы А.И. Сердюк деген жарандан сатып алган. Кийинчерээк үйүн наамына өткөрөм деп сотко кайрылса, батир муниципалдык менчикте деп табылган.

Назгүл Назарова өзүнүн көчөдө калганына Ош шаардык мэриясы менен социалдык кызматкерлерди айыптайт. Айтымында, үйү шаардык мэрия тарабынан алынып, кийин ал колунда бар эле үй-бүлө нотариус Салтанат Алымбековага берилип, андан нары мыйзамсыз менчиктелип сатылып кеткен.

Жалгыз бой аял мэрияга тарттырып жиберген батиринде 11 жыл жашаганын кошуналары тастыктаарын айтты.

Андан сырткары, А.И. Сердюк сөз болуп жаткан батир сатылганы боюнча жооптуу сотко жиберген.

 

Бул иш сотко 2005-жылы өткөн. Иш жогорку сотко чейин жетип, талашка түшкөн батир Ош мэриясына кайтарылган. Сот Назарованы менчиктештирилбеген үйдү сатып алганын жана ал муниципалдык менчикке тиешелүү деп тапкан.

Азыр Назгүл Назарова Ош мэриясынын муниципалдык менчигине караган үйлөрдө убактылуу жашап туруу боюнча арыз жазган. Мэрия жатаканаларда бош батир жок деп жооп кайтарган.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3505 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо