1-октябрдан пенсия менен айлык көтөрүлөт. Дагы кандай өзгөрүүлөр болот? Тизме

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия жогорулашы күтүлүүдө. Бул боюнча өкмөттүн долбооруна бүгүн-эртең кол коюлганы турат.

Өкмөттүн токтом долбоору күчүнө кирсе пенсия индексация коэффицентинин негизинде көтөрүлөт. Бул эсеп орточо айлык акынын жана баалардын өсүшүнүн орточо көрсөткүчүнөн алынат.

Пенсия камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша 1,07  коеффцентке жогорулайт. Тагыраагы, ар бир пенсионерге 250 сомдон 370 сомго чейин каражат кошулат.

Ошондо 4500 сомго чейин пенсия алган жаранга 250 сом, ал эми 4500 сомдон жогору алгандарга 350 сом кошулмакчы.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 648  миң пенсионер бар. Орточо пенсия акы 5412 сом. Өкмөттүн индексация коэффицентинин негизинде пенсияны жогорулатуу долбоору ишке ашса өлкө казынасынан 667 милион сом кошумчаланат.

                              Медициналык кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт

Пенсия менен катарлаш эле медициналык кызматкерлердин да маяналары жогоруламакчы. Бул долбоор эмес, өкмөт кабыл алган чечим.

1-октябрдан тарта төмөнкү медициналык кызматкердин маянасы көтөрүлөт:

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикалык врачтардын, үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.

Кыргызстанда медициналык кызматкерлер аз айлык алат. Мамлекеттик ооруканаларда иштеген врачтардын маянасы он миң сомго жетпейт. Ал эми мээрбан айымдардын айлыгы 2 миң сомдон башталып, 5-6 миң сомго араң жетет.

Өлкөдө мамлекеттик медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы жыл санап бул тармакта иштегендердин саны кыскаруусуна алып келүүдө. Өткөн жылдын эсебинен өлкөдөн миңден ашуун ар кандай адистеги врач, үч миңге жакын мээрбан айым чет өлкөгө  маяналуу иш издеп кеткен.

                                  Айдоочулук күбөлүк алууда жаңы эрежелер кирет

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алууда жаңы эрежелер киргизилди. Токтомго ушул жылдын 18-сентябрында кол коюлган. Ал эки жумадан кийин күчүнө кирет.

Киргизилген өзгөртүүлөр боюнча автомектепти бүткөн жаран белгилүү мөөнөт ичинде экзамен тапшырууга милдеттендирилет. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сынак тапшырбагандар кайра башынан окуп калат.

Токтомдо жазылган жаңы талаптар менен бул жактан таанышыңыз.

                                          Электрондук патент бериле баштайт

1-октябрдан тарта Кыргызстанда электрондук патент бериле баштайт. Жаңы система салык төлөөчүлөрдүн патент алууга убакыт коротуусун кыскартууга багытталган.

Электрондук форматта патент төлөмү мурдагыдай эле банк аркылуу жүргүзүлөт. Патент кагазын салык кызматынан эмес, интернет аркылуу алганга болот.

Жаңы форматтагы патент милдеттүү эмес. Салык төлөөчүлөр патенттерди ыктыярына жараша мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта ала алышат.

Электрондук патент жеке ишкерликке (ЧП) жарактуу, ЖЧКларга иштебейт. Жаңы форматка өтүү милдеттүү эмес.

Онлайн кызмат көрсөтүү азырынча Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары үчүн жеткиликтүү. 1-октябрдан тартып ал республика боюнча колдонулат.

 

 

 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*