Астанада аткаминерлер кызматтык унаадан баш тартып таксиде жүрө баштады (фото)

Казакстандын Астана облусунун администрациясы кызматтык унаадан баш тартты. Чиновниктер мындай кадамга салык төлөөчүлөрдүн акчасын үнөмдөө максатында барганын билдирет.

Кызматтык унаадан баш тарткан аткаминерлер эми такси менен жүрүшөт. Муниципалитет жыл сайын жаңы унаа сатып алууну токтотуп, мурда сатылып алынган 60тан ашуун машинаны мектеп жана ооруканаларга өткөрүп  бермекчи.

Чиновниктерди ташыган таксилердин унаалары башка таксилерден айырмаланат. Мисалы, Астана акиминин биринчи орун басары Сергей Хорошунду сентябрь айынан бери кара түстө өзгөчө такси салык төлөөчүлөрдүн эсебинен ташыйт.

Ал эми  администрациянын  калган чиновниктерине жөнөкөй ак түстөгү таксилер кызмат көрсөтөт.

Астана шаарынын жашоочулары аткаминерлер такси менен эмес автобус менен жүрүшсө, ошондо гана элдин турмушун жакшы билишмек деп эсептешет. Ал эми Астананын жаңы акими Бахыт Султанов көптөн бери транспорт колдонбой жөө жүрөөрүн билдирет.

“Мен мурда деле эртең менен ишке жөө барчумун. Азыр айланып жүрүүгө туура келет, бирок менин жумушум үйүмдөн алыс эмес. Бул пайдалуу, көчөдө баратып кемчиликтерди байкап, тиешелүү тапшырмаларды берип турам. Күндүз жумушка такси менен барам, себеби акимчиликтин мурдагы жетекчилиги кабыл алган прогрессивдүү идеаларды токтотпой, улантуу керек», – деди  Бахыт Султанов.

Кызыгы, кызматкерлер эконом-класстагы таксилерди гана чакыра алышат экен. Анан да аларга акчалай чектөө коюлган. Эгерде чиновниктер коюлган  чектен ашып кетсе, жөө жүрүүгө же өз эсебинен такси акысын төлөөгө туура келет.

Кызматтык унаасын  биринчилерден болуп таксиге алмаштырган Арман Турлубек болгон. Ал Астана облусунун  Сары-Арка районунун акими. Бул чечими тууралу  Facebook. баракчасына жарыялаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо