
Бишкек-Ош унаа жолунда “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти. Кырсык 23-сентябрда 09:35де Чычкан капчыгайында катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза таап, бешөө жаракат алган.
Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир калтыруу