
Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө үй тиричилик техникалары сакталган кампада өрт чыкты. Тилсиз жоодон 20 муздаткыч жана кир жуугуч машиналары күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдиргендей, өрт 23-сентябрда 11:50 чамасында чыгып, саат 14:00до толук өчүрүлгөн.
«Борбордук базардын сырт тарабындагы кампа өрттөндү. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана канча чыгым келтирилгени аныктала элек. Кошумча маалыматтар такталганда берилет»,-деди маалымат катчы Мая Шаимкулова.
Азыркы тапта өрт кырсыгынын себептери жана келтирилген материалдык зыян такталып жатат.
Оставьте первый комментарий