62 жаштагы аксакал Баткенден Бишкекке чындык издеп жөө жөнөдү. Видео

Саидраим Абдилатов Баткенден Бишкек шаарына чындык издеп жөө жөнөдү.  4 күн мурун Бужум айылынан жол тарткан аксакал азыр Кадамжайга жетти. 62 жаштагы карыя борборго чейин жөө барып, ак үйдөгүлөргө даттанганы турат. Ал алыскы жолдо ден соолугу туруштук бербей каза болуп калыштан деле коркпойт. Башкысы баласынын күнөөсүздүгүн дадилдөө. 

Аксакалдын айтымында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы анын уулун бейкүнөө камап койгон. 25-августтан 26на караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында бир адамды автоунаа койдуруп кетип из жашырган. Ага шектүү катары Саидраим Абдилатовдун уулу  21 жаштагы Кимсанбай кармалган.

Азыр аксакалдын Бишкекке жөө аттанганы социалдык тармактарда талкуу жаратып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо