Казакстандык журналистти өлтүрүп кетишти

Казакстанда NUR.KZ сайтынын журналисти Ирина Бекетованы  үйүнүн жанынан өлтүрүп кетишти. Бул тууралу Sputnik. маалымат агенттиги жазып чыккан.

Маалыматты Астананын ички иштер департаменти ырастаган.

Бекетованын өлүмү тууралуу социалдык баракчаларга алгачкылардан болуп журналист Любовь Подоляк пост чыгарган.

Азыр журналисттин өлүмүнө шектүү катары 34 жаштагы Астана шаарынын тургуну изделүүдө. Ошондой эле соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

34 жаштагы Ирина Бекетованын артында төрт баласы калган. Ал жалгыз бой эне болгон. Учурда анын кесиптештери атайын эсеп ачып, Бекетованын балдарына көмөк көрсөтүү үчүн акча чогултууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5862 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо