Кыргызстанда мектептердин баары интернетке кошулат

2018-2019-окуу жылынын аягына чейин өлкөдөгү мектептердин баары интернетке туташат. Азыр мектептерди 100 пайыз интернетке туташтыруунун үстүнөн иш алып барылып жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, учурда  мектептердин 67% дүйнөлүк желеге туташкан.

Быйылкы окуу жылынын аягына чейин калган  мектептер дагы интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүн алат. Алардын саны 693тү түзөт.

Жаңы окуу жылы башталгандан тарта Кыргызстандагы мугалимдер жана окуучулар кошумча билим берүү ресурсу катары эки мультимедиалык комплексин алышты. Андан сырткары мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу жана онлайн түрүндө кайра даярдыктан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо