Жайыт комитеттерине техникалар берилди. Видео

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жайыт комитеттерине техникалар берилди. Эми ал жайыттардагы жолдорду ачууга жана шагыл-таштарды сүрдүргөнгө колдонулат.

Бульдозерлор «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында сатып алынган. Жалпы саны 17. Анын жетөө Ош облусуна, дагы жетөө Жалал-Абад облусуна берилсе, Баткенге үчөө тапшырылды.

Бүгүн тапшырылган бульдозерлор жалпы 55 млн 400 миң сомго сатып алынган. Ар бири 3 миллион 258 миң сомго туура келет. Анын 585 миң сому жайыт комитеттеринин өздүк салымы болгон. Калганы долбоор тарабынан каржыланган.

«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору Кыргызстанда 2014-жылдан баштап иштеп келе жатат. Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган долбоор 2019-жылдын декабрында аяктайт.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо