
Акыйкатчылыкка талапкер Маматурайым Момунов өзүнүн кандидатурасын алып салды. Бул тууралу Момунов парламенттин пленардык жыйында билдирди. Ал “тажрыйбалуу талапкерлер турганда, мен өзүмдүн талапкерлигимди алып салууну чечтим”,-деди.
Маматурайым Момунов
Ушул тапта Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо жүрүүдө. Эми бул кызмат үчүн төрт адам ат салышат. Алар: 64-жаштагы генерал Токон Мамытов СДПК партиясынан, юридикалык илимдердин доктору Азиз Канатбек “Ата Мекен” фракциясынан жана “Бир бол” фракциясынан үч талапкер: укук коргоочу Рита Карасартова жана башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Рыскул Бактабаев ошондой эле кандидатурасын алып койгон Маматурайым Момунов болгон.
Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Пикир калтыруу