
Борбор калаага 52 троллейбус алынып келинди. Анын 37си Орусиядан алынса, калган 15и Беларусь Республикасынан сатып алынган.


“Урматтуу катышуучулар! Биз шаардык транспортту ѳнүктүрүү менен троллейбустарды кѳбѳйтүүнү уланта беребиз. Калаада кѳп орундуу транспортту кѳбѳйтүшүбүз керек. Биз азыркы учурда Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкы менен коомдук транспортту ѳнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгалы деп жатабыз”,-деди калаа башчысы.
Биринчи фаза долбоорун улантуу максатында, 2015-жылдын 30-ноябрында Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги арасында экинчи Кредиттик келишимге жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы арасында Гранттык келишимге кол коюлган.
Учурда борбор калаада 42 бирдик каттап жатат, ал эми 10 жаңы троллейбус эксплуатацияга берилет. Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын базасында жаңы троллейбустарды кошкондо 169 бирдик коомдук унаа бар.
Пикир калтыруу