Ноокаттагы авариялык мектеп боюнча жетекчилик үн катты. Видео

Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы «Агарт» атындагы башталгыч мектебинде окутуу жүрүп жатат деген маалымат жалган. Жалгыз окуучу калганына байланыштуу мектеп быйылкы жаңы окуу жылынан тартып иштебей жатат.

Бул маалыматты «Т-Медиага» райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аккуш Асанбаев билдирди. Айтымында, социалдык тармактарда тараган видеодо «Агарт» мектеби 2018-жылдын 21-сентябрында иштеп жатат деген маалымат чындыкка коошпойт.

«Быйыл окутуу токтотулган. Анткени жаңы окуу жылында окуучу келген жок. Былтыр окуу жылынын аягында 11 окуучу бар болчу. Анын жетөө 4-классты бүтүп кетишти. Калган окуучулардын үчөө башка мектептерге которулуп кеткен. Жалгыз окуучу менен мугалимди башка жакка  которуу боюнча сүйлөшүп жатабыз»,-деди Аккуш Асанбаев.

Асанбаевдин билдиришинче, «Агарт» башталгыч мектеби видеодогу мугалим айткандай былтыр эмес, 2008-жылы мурда топозчулар жашаган имаратта ачылган. Башында окуучулардын саны 28ге жетчү.

«Имарат мектепке ылайыкташып курулган эмес. Бирок айылдагы үйлөрдөн абалы эң алдыңкы деп айта алам. Билим берүү башкармалыгынан барып кабар алып эле турабыз. Аким мага тапшырма берди, эртең барып жеринен таанышып келем. Азырынча Агарт айылына башка мектеп салуу боюнча азырынча эч кандай план жок. Анткени окуучулардын саны 100гө жетпейт. Азыр айылда болгону 10 кожолук калган. Бул айыл тоонун ортосундагы кыштоо, туруктуу жашоочулар жок «,-деп билдирет Асанбаев.

Эске салсак, социалдык тармактарда авариялык мектептин абалы боюнча видео тарап, кызуу талкуу жаратып жаткан учуру.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо