
Ош шаарына ипотекалык багыттагы үй Курманжан Датка көчөсүнүн №121 дарегине түшөөрү пландалып жатат. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Акжол уулу билдирди.
«Араван кичи районундагы №121 дарегиндеги муниципалдык жерге көп кабаттуу үй куруу пландалды. Ал жер АКБ Кыргызстан банкынын жанында жайгашкан. Азыр мамлекеттик каттоо кызматы аталган жер тилкенин мамлекеттик актысын тактап жатат. Качан аныкталып бүтөөрү азырынча белгисиз. Анткени жеке менчиктеги жерлер да курулушка кошулаары каралган«,-деди Адыл Акжол уулу.
Маалымат катчы кошумчалагандай, муниципалдык жер тилкесине көп кабаттуу үйдүн эскиздик долбоорун даярдоодо мамлекеттик акт китепчесиндеги жер тилкесинин аянт ченемдери туура эмес жана так даана көрсөтүлбөгөндүктөн конкреттүү иш алып барууга мүмкүн болбой жатат. Такталып бүтөөрү менен эле ипотекалык үйдүн эскиздик долбоору даярдала баштайт.
Оставьте первый комментарий