
Жогорку Кеӊеште Улуу Ата мекендик согушта курман болгон же дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарына социалдык кепилдиктерди берүүгө багытталган “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, тармактык комитетке кайра кайтарылды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Аида Салянова.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов тармактык комитет Өкмөттүн сунушу боюнча мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.
«Бул жерде кандайдыр бир саясат деле жок, жакшы долбоор. Комитет жыйындарында көп талкуу жүрдү, ар кандай пикирлер айтылды. Өкмөт мыйзам кабыл алынып калса, аны аткарууга эч мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Алардын айтымында, аны каржылоо булагы табылган эмес. Ал үчүн кеминде 20 млрд сом керек. Азырынча бюджетте анчалык каражат жок», — деди Пирматов.
Депутат Аалы Карашев жакшы долбоор экенин, бирок кемчиликтери да бар экенин белгилеп, ошондон улам аны Өкмөт менен биргелешип кайра иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов ата-бабалардын арбагын сыйлап, жакшылап издесе каражат табылат, ошондуктан мыйзам долбоорун тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтаруу керек деди. Мындай сунушту бир катар депутаттар колдоду.
Оставьте первый комментарий