Чындык издеп Бишкекке жөө жөнөгөн аксакал артка кайтты. Видео

Акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөнөгөн 62 жаштагы аксакал жөө жүрүшүн токтотту. Мындай билдирүүнү ички иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты. 

Маалыматта баласынын күнөөсүздүгүн далилдөө максатында жасаган жөө жүрүшүн  аксакал бүгүн, 27-сентябрда токтоткону жазылат.

«Окуяны ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Бул боюнча акыйкат издеп Бишкекке жөө жөнөгөн аксакалга билдирилди. Ошондон кийин Саидраим Абдилатов жөө жүрүшүн токтотту»,-деп айтылат маалыматта.

7 күн мурун Саидраим Абдилатов Баткенден Бишкек шаарына чындык издеп жөө жөнөгөн. Өзү жашаган Бужум айылынан жол тарткан аксакал учурда Кызыл-Кыяга жакындап калган болчу.

Окуяны 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланган Токон Мамытов да өз көзөмөлүнө алаарын билдирген болчу.

Эскерте кетсек, 25-августтан 26на караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында бир адамды автоунаа койдуруп кетип из жашырган. Кырсыкка шектелип Саидраим Абдилатовдун уулу  21 жаштагы Кимсанбай кармалган.

Аксакалдын билдиришинче, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы анын уулун бейкүнөө 2 айга камап койгон.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*