
Ушул жылдын 2-августунда президент Сооронбай Жээнбеков “Сугат жерлерди башка категорияларга трансформациялоого мораторий киргизүү жана жер участокторун которуу жөнүндө” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койгон.
Бул мыйзамга ылайык кыргыз өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө сугат айдоо жерлеринин жер участокторун трансформациялоонун убактылуу тартибин иштеп чыгуу тапшырылган.
Учурда өкмөт мораторий киргизилгенге чейин сугат айдоо жерлеринде курулган жер участокторун трансформациялоонун убактылуу тартибинин долбоорун иштеп чыкты.
Мыйзамга ылайык трансформациялана турган жерлер:
1) Мораторий киргизилгенге (31.07.2009) чейин сугат айдоо жерлеринде курулган турак-үйлөр жайгашкан участоктордун багыты өзгөрөт.
2) Жердин категориясын өзгөртүү боюнча жергиликтүү органдарынын тиешелүү чечимдери бар болсо;
Төмөнкү жерлер трансформацияланбайт:
1) Эгерде трансформациялоого сунушталып жаткан жер участокторун которууга тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары болсо;
2) Экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербесе;
3) Сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар болсо;
4) Ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга чектөөлөр болсо.
Өкмөттүн токтомунун долбоору 2018-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган.
Оставьте первый комментарий