Жогорку Кеңешти таркатыш керекпи? Сурамжылоо

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча демилге кайрадан көтөрүлдү. Активист Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акция өткөрүп, парламенттин таркашын талап кылды. 

Активист бул талабын Токон Мамытовдун акыйкатчылык кызматына шайланышына байланыштуу көтөрүп чыкты.  Муну менен ал парламент депутаттарын элдин кызыкчылыгын жактабай жаткандыкта айыптайт.

«Акыйкатчылыкка татыктуу талапкерлер бар болчу. Депутаттар ошол татыктууларды колдобой, өздөрүнө керектүү адамды шайлап алышты. Акыйкатчыны акыйкат шайлап албагандан кийин Жогорку Кеңешке ишенич калмак беле», — деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңешти таркатуу демилгесин Токтонасыровдон сырткары социалдык тармак колдонуучулары да билдиришүүдө. Айтымдарында, парламент мыйзам чыгаруучу эмес, бийликтин буюртмасын аткаруучу орган болуп калды. Элдин кызыкчылыгын ойлошпосо VI чакырылыштын таркаганы туура деген пикирлер айтылып жатат.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлашы бүтүндөй коомчулуктун сынына кабылып турган чагы. Буга депутаттардын өздөрүнөн Мамытовду шайласак элдин кыжыры келет деген эскертүүсү да түрткү.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешти таркатуу демилгеси акыйкатчы шайлангандан кийин эле көтөрүлгөн жок. Былтыр “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев депутаттарга “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш киргизген болчу.

Төрөбаевдин сунушун ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев колдоп чыккан эле. Өз сөзүндө ал Жогорку Кеңешти «ушак таратуучу аянтча болуп баратат» деп парламенттин ишмердигин сынга алган.

Атамбаев буга чейин парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек деген пикирин бир нече жолу билдирип келген эле.
Жогорку Кеңештин  VI чакырылышы 2015-жылы шайланган. Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Коалициялык көпчүлүк КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир бол» фракцияларынан куралган. Оппозициялык азчылыкка»Республика — Ата Журт», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары  кирет.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышын таркатуу демилгеси көтөрүлгөндөн бери депутаттар ага негиз жок деп келишет.
 Т-Медиа «Парламенттин таркалуусун колдойсузбу?» деген сурамжылоо жүргүзөт. Кирип добуш берсеңиз болот.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо