Өмүрбекова: Өлкөдө башталгыч класстардын тең жарымына ысык тамак жетишпейт

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо орто мектебинин ачылышында билдирди. Айтымында, 2262 мектептин  1146сында гана башталгыч класстарга ысык тамак берилет. 

“Мыйзам боюнча 1- 4 класска чейинки мектеп окуучуларына ыссык тамактар берилиши керек деп жатабыз. Ошолорду камсыз кылуу максатында иштеп жатабыз. Өлкөдөгү 2200 мектептин жарымында эле ысык тамак бар. Ошону камсыз кылуу биздин негизги максат. Учурда ал боюнча иштеп жатабыз”,-деди Алтынай Өмүрбекова.

Өмүрбекова кошумчалагандай, жакынкы жылдары өлкөдөгү мектептердин баарында башталгыч класс окуучулары ысык тамак менен камсыз болот. Азырынча кенже класстардын 50%ы шашке тамак менен чектелүүдө.

Шашке тамакта таттуу токоч, сүттү чай жана шире берилет. Бир окуучу бир күндө 7-10 сомго тамактанат.

Кыргызстанда мектептерде башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү 2005-жылдан тартып башталган. Бул үчүн жылына 430 миң сомго жакын каражат сарпталат. Мектепте тамак берилген кенже класстын окуучуларынын саны 442 миңге жакын.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1428 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо