Ош: 6 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу изделүүдө. Видео

Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 649-чакырымында 6 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу табыла элек.  Учурда изин жашырып качкан «Тайота-Прадо» үлгүсүндөгү белгисиз ак түстөгү жол тандабас автоунаасы изделүүдө. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош обустук ЖКККнын маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди. Айтымында, из жашырган айдоочуну издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

«Азыр Ош облусунун аймагында «Курчоо» иш мэрчеми киргизилип, шаар жана райондордун кире бериш жана чыга бериш жерлерине блок посттор коюлду.  Ош ОИИБнын жана Кара-Суу РИИБнун ыкчам кызматы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан белгисиз айдоочуну жана автоунааны кармоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат «,- деди Теңизбаев.

27-сентябрь күнү саат 18:50 чамасында Бишкек-Ош жолунун Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кара-Добо айылында «Тайота-Прадо» үлгүсүндөгү ак түстөгү унаа 6 жашар баланы койдуруп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктан 2012-жылы туулган бала  окуя болгон жерде каза болгон.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо