Ош Кореянын шаарлары менен кызматташат

Ош шаары Кореянын шаарлары менен кызматташканы турат. Бул боюнча вице-мэр Саибжан Турдуев Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ха Тэ Ек менен жолуккан учурунда сүйлөшүштү. 

Турдуев билдиргендей, Ош Кореянын шаарлары менен билим берүү, саламаттык сактоо тармактарында кызматташууга даяр. Ха Тэ Ек болсо, Кореянын шаарлары Кыргызстандын экинчи борборунда ар тараптуу иш чараларды өткөрүүгө кызыктар экенин билдирди.

Жакында эле Ош шаары Кытайдын Ланчжоу калаасы менен кызматташары белгилүү болгон. Ал жаатта 11-сентябрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Ланчжоу шаарынын мэринин орун басары Ву Сяньфан баштаган делегация менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланган эле.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10222 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо