Ош шаарынын күнү кандай белгиленет? Тизме

5-октябрда Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Учурда майрамды белгилөө боюнча даярдыктар жүрүүдө. 

Ош шаарынын күнүнө карата онго жакын маданий-массалык  иш чаралар уюштурулат. Майрамга  арналган гала концерт  белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин  катышуусунда өтөт. Андан соң жаштар үчүн бий кече болот.

5-октябрь күнү боло  турган майрамдык иш чаралардын тизмеси:

10:00до Эл аралык жаштар Форуму болот

10:30. Ош шаарынын окуучуларынын борбордук аянтка тарткан  сүрөт көргөзмөсү өтөт

10:40. Борбордук аянтта Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү уюштурулат

11:00.  “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы өткөрүлөт

11:20. “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманкеси уюштурулат

13:00. “Билим жана чыгармачылык жарманкеси” өткөрүлөт 

17:00 Волейбол спорттук мелдеши

 19:00. Ош шаарынын күнүнө арналган  Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын  катышуусундагы майрамдык гала концерт борбордук стадиондо өтөт 

22:00 Борбордук  стадиондо жаштар диско кечеси уюштурулат

Майрамдык иш чаралар өтчү жайлардын картасы:

 Ош шаарынын күнү жыл сайын белгилененет. Быйыл Ош шаарына 3018 жыл.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо