Тергөөчүнүн пара менен кармалышы уюшулганбы? Видео

Пара менен кармалган тергөөчүнүн жакындары «бул атайын уюшулган иш» дешүүдө.

Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (Кадамжай РИИБ) мурдагы тергөөчүсү Нурлан Балтабаевге кылмыш иши негизсиз козголгон. Мындай пикирин Балтабаевдин жакындары жана коомдук жактоочусу Саитказым Эрмеков маалымат жыйында билдирип чыгышты. Алар тергөөчүнүн пара менен кармалышы атайын уюшулган иш деп эсептешет.

Окуя кандайча жүз берген?

Нурлан Балтабаев 2017-жылдын ноябрында коррупцияга шектелип кармалган. Анын жактоочусу Эрмековдун билдирүүсүндө, кармалаардан бир аз мурун тергөөчү иштеген Кадамжай РИИБге «аткезчилик жол менен товар келе жатат» деген маалымат түшөт. Бул кабарды Кадамжай РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнө атын жашырган жаран билдирген. Байланышка чыккан номер териштирилгенде Ош шаардык ички иликтөө кызматкери А. Апиевге таандык болуп чыккан. Контрабанданы иликтөө тергөөчү Нурлан Балтабаевге тапшырылат.

«Алгач Ноокаттын Көк-Жар айылынын жашоочусу Оштун Жапалагынан бирөөнүн “Хендай Либеро” үлгүсүндөгү унаасын сурап, Кадамжайдын Марказ айылынан темир жүктөшкөн. Кадамжайга жетишкенде РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнө телефон чалып контрабандалык товар боюнча билдиришкен. Ыкчам кызматтын башчысы келгенде унаанын айдоочусу «акча менен бүтүрүп койбойлубу» деп сунуш киргизгенде башчы макул болбой, ишти кылмыш каттоо китепчесине каттап койгон», — дейт тергөөчүнүн жакындары.

Бул күнү Кадамжай райондук ИИБнин тергөөчүсү Нурлан Балтабаев нөөмөттө болгондуктан, аталган иш боюнча ал тергөө жүргүзүп баштайт. Тергөөчү унаанын ээсине телефон чалып, бөлмөсүнө келүүнү суранганда унаанын айдоочусу тергөөчүгө акча сунуштаган. Бирок тергөөчү акчаны алган эмес деп баса белгилешет анын жакындары.

«Айдоочу үч мүнөттөй убакыт сыртка чыгып кетип, кайра кирген да, акчаны тергөөчү отурган столдогу ноутбуктун артына таштап кеткен. Балтабаев акчаны бир аз убакыт өткөндөн кийин көрүп, айдоочуга берейин деп артынан чыгып баратканда жарандык формадагы эки адам аны кармап калган», — дейт мурунку тергөөчүнүн жакыны Эрмеков.

Эрмековдун айтымында, учурда бул окуя боюнча кылмыш иши Жогорку Сотко чейин жеткен.

«Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлерге УКМК кылмыш ишин козгой албайт, прокуратура козгойт. Кызыгы бул окуя жүз бергенден кийин УКМК өзү кылмыш ишин козгогон болсо, андан соң эле Баткен облустук прокуратурасы да ишти козгоп жатат. Алгач УКМК, андан кийин прокуратуранын кылмыш ишин козгоп жатканы — артында бир нерсе көрүнүп турган маселе. Учурда бул иш райондук, облустук сотто каралып, Жогорку сотко өттү. Бул иш атайын уюштурулуп, тергөөчүгө доомат коюшкан деп эсептейбиз», — деп кошумчалады Эрмеков.

(Балтабаевдин жактоочусу ушул документтин номери өзгөртүлгөн деп жатат)

Тергөөчү өзү эмне дейт?

Пара алууга шектелген мурунку тергөөчү Нурлан Балтабаев аталган окуяга ИИМнин ички иликтөө кызматындагы кызматкерлерин айыптайт.

«Ошол күнү мен нөөмөттөгү тергөөчү болгонум үчүн аткезчиликке шектелген унаанын ээсин бөлмөмө чакырып, түшүнүк кат алгам. Ал улам эле акча сунуштай берди. Мен акчасын алган жокмун, түшүнүк катын эле алгам. Бул ишти ИИМнин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери уюштурду деп эсептейм. Анткени Кадамжай РИИБнин мурунку жетекчиси ИИМнин ички иликтөө кызматына «доля» берип турган экен. Бирок кийинки жетекчибиз «доля» берүүдөн баш тарткандыктан, ушул ишти ызы-чуу жаратуу үчүн уюштурушту. Башкача айтканда, Кадамжай РИИБдин башчысын коркутуу үчүн ушул ишти жасашкан», — дейт Балтабаев өзү.

 

Коррупцияга шектелген тергөөчү Кадамжай райондук жана Баткен облустук соту аны 890 миң сом айып пулга жыкканын билдирет. 

«УКМКнын мага карата козгогон кылмыш иши менен таанышкам. Кийин түшүнүксүз жагдай менен мага прокуратуранын кылмыш ишин көргөзүштү. Кылмыштын саны кантип өзгөрүлүп кеткенин эч ким билбейт. Бул иш атайын уюштурулганы ачык эле билинди. Азыр иш Жогорку сотто каралганы турат. Буга чейинки өкүм чыгарууда Кадамжай райондук соту жана Баткен облустук соту да 890 миң сом айып салып койду. Иштин атайын уюштурулганы белгилүү болуп турса дагы соттордун мындай чечим чыгарганы туура эмес», — деп кошумчалады Балтабаев.

Экинчи тараптын жообу кандай?

Тергөөчүнү атайын уюштурулган пара алуу менен карматкан деген тарапка байланышканбызда алар ар-кайсы шылтоону айтып жооп берүүдөн качышты.

Пара алды деп шектелген тергөөчүнү кармоо учурунда ИИМнин ички иликтөө кызматынын кызматкери Улук Абдыкалыков ок чыгарганы айтылат. Биз ага байланышка чыгып иштин чоо жайы тууралу интервью алалы десек, алгач ал биздин суроону кылдаттык менен укту. Сөз тергөөчү Нурлан Балтабаев жөнүндө болгонун укканда эмнегедир телефондун ээсис эмесмин, Алтынбек Апиевдин досу болом деп өчүрүп койду. Кайра байланышсак, телефонун алган жок.

Иштин чоо-жайын Баткен облусунун прокурорунун орун басары Арслан Байболсуновдон да тактоого аракет жасадык. Бирок ал телефондон интервью бере албашын айтып, трубканы дароо коё салды. Кайрадан байланышка чыкканыбызда жооп берген жок.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо