1-октябрдан пенсия көтөрүлөбү? Өкмөт токтом чыгарды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда пенсия индексациялоо коэффициентинин негизинде чегерилет. Бул боюнча өкмөт расмий токтом чыгарды. 

Өкмөттүн 1-октябрда чыгарган токтомуна ылайык, пенсия камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша 1,07  коеффцентке жогорулайт. Бул эсеп орточо айлык акынын жана баалардын орточо көрсөткүчүнөн алынат.

Бүгүндөн күчүнө кирген токтом боюнча, ар бир пенсионерге 250 сомдон 370 сомго чейин каражат кошулат.

Тагыраагы,  4 393 сомго чейин пенсия алган жаранга 250 сом, ал эми 4 394 сомдон жогору алгандарга 370 сом кошулмакчы.

Өкмөттүн индексация коэффицентин ишке ашырганга өлкө казынасынан кошумча 667 милион сом керектелет. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлгөн.

Ушул тапта Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Пенсиянын орточо көлөмү 5412 сомду түзөт.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо