УКМК Ош мэриясы мыйзамсыз батир бергенин ачыктады

Ош мэриясы майыптарга тиешелүү батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы коомчулукка билдирүү таратты.
2017-жылы Ош мэриясынын токтому менен Анар кичи шаарчасында курулган мамлекеттик дирекциянын үйүнөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 66 батир бөлүнгөн. Анын ичинен жарандын үй-мүлкү жок деген ырастамасы жасалма болуп чыкты.
«32 жаран үй алганга чейин Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында жашагандыгы аныкталды. Ошондой эле турак-жай кодексинин 44-беренесиндеги «1 жана 2 топтогу майыптарга гана кезексиз батир берүү» эрежеси бузулуп, 3-топтогу 9 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран мыйзамсыз батирлерге ээ болушкан«,-деп айтылат маалыматта.
Аталган факт УМКМнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аныкталган. Учурда Ош мэриясы тарабынан түзүлгөн үй бөлүштүрүү комиссиясына кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 304 беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-бересинин 2-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) мене кылмыш ишин козгоду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо