
Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган мамлекеттик сыйлыктар өз ээлерин тапты. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкондорго «Манас» ордени, «Даңк» ордени жана «эмгек сиңирген» деген наамдар ыйгарылды.
Сыйлыктарды президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында тапшырды. Сыйлык алгандардын арасында фермерлер, дыйкандар, педагогдор, врачтар, социалдык жана маданий чөйрөнүн кызматкерлери, коомдук жана саясий ишмерлер бар.
Мамлекеттик сыйлыктарды төмөнкүлөр алды:
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 30-августта кол койгон. Анын негизинде III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» ордени, эмгек сиңирген мугалим, эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген кызматкер наамдары жана КРнын ардак грамотасы ыйгарылган.
Пикир калтыруу