750 сом үчүн кыйылган өмүр. Окуянын чоо-жайы. Видео

Жалал-Абадда мал сарайда күйүп кеткен 62 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Окуяга шектелип Базар-Коргон районунун эки тургуну кармалды. 

Бул тууралуу  «Т-Медиага» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, маркум жашаган сарай атайын өрттөлгөн.

«Окуянын себептери такталып, эки күн ичинде кылмышка шектүүлөр Талдуу-Булак айыл аймагынын тургундары К жана М аттуу жалгыз бой аял кармалган. Шектүүлөр жасаган кылмышын бир топ далилдердин негизинде мойнуна алды. Азыр алар Базар-Коргон  РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүлөргө кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирилүүдө»,- деди Жалал-Абад ОИИБнын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Тергөөнүн жүрүшүндө ачыкталгандай, шектелип жаткан К жана М көңүлдөш болушкан. Ошол эле учурда М аттуу жалгыз бой аял маркум Мамарасул менен да жакын мамиледе болгон. Ал Мамарасулда (950 000 сом) ири суммадагы акча бар экендигин билип калып, экөөлөп өлтүрүүнү көздөйт.

Милициянын маалыматында, шектүүлөр ээн талаада маркумдун колу-бутун байлап, 4 метрдей бийиктиктеги жардан кулатып өлтүргөн. Андан соң каза болгон Мамарасулду өзүнүн сарайына алып барып, жыйылган чөбү менен кошо бензин чачып өрттөп салышкан. Үйүнөн жашырган акчасын издешкенде 750 сом гана табышкан.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү саат 02.00 чамасында Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасынын тургуну А. Мамарасул өзү карап жашаган сарайдан чыккан өрттөн күйүп, каза болгон. Алгач маркумдун жакындары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5416 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо