«Эйр Кыргызстанды» Кытайга берүү сунушталды

«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын Кытайга сатуу демилгеленди. Бул сунушту Жогорку Кеңеш депутаты  Адыл Жунус уулу көтөрүп чыкты. 

«Эйр Кыргызстандын» коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби. Азыр Кытайдын көп компанияларында учактары ашып-ташып атыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, «бул жакка 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келебиз» деген маалымат бар экен да. Эң жакшы болгон 2012-жылы 35 миллион сом киреше тааптыр. Бул бир ресторан же ишкананын эле кирешеси. Бул «Эйр Кыргызстандай» компания үчүн уят»,- дейт «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу.

Транспорт министри Жамшитбек Калилов учурда кытайлык компаниялар аталган компанияга кызыгып жатканын ырастап, бирок «»Эйр Кыргызстанды» сата алабыз» деп айтуу кыйын экенин билдирди. Айтымында, авиакомпания кызматкерлеринин айлыгын төлөй албагандан кийин «сатабыз» деген чечим деле күмөн жаратат.

Бүгүн парламенттин Транспорт, коммуникация жана архитектуралык курулуш боюнча комитети «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын абалын талкуулоодо.

 

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо