
Кыргызстанда орточо пенсия 5682 сомго жетти. Социалдык фонддун маалыматына караганда, акыркы сегиз жылдын ичинде пенсиянын көлөмү бир топ жогорулаган.
Мекеменин маалыматы боюнча, мындан сегиз жыл мурун 2 миң сомго чейин пенсия алгандар 41,7%ды түзсө, азыр ал көрсөткүч 2%га түшкөн.
2010-жылы пенсиясынын көлөмү 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин жеткендер 52%ды көрсөтсө, бүгүнкү күндө 29%га төмөндөгөн.
Ал эми 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин пенсия алгандардын саны сегиз жыл мурун 6% болсо, ушул тапта 66%га жогорулаган.
Орточо пенсия акынын жогорулашы боюнча статистика:
Учурда пенсионерлердин 0,2%ы эң жогорку өлчөмдө пенсия алат. Ал сумма 20 миң сомго жетет.
Эң азын пенсионерлердин 38%ы алат. Эки миң сом бүгүнкү күндө жашоо минимумунан эки эсе аз.
Пенсионерлердин 14%ы 3000 сомдон алса, 13%ы 4 миң сом өлчөмүндө пенсия алат.
Демек, жарандардын басымдуусу 5 миң сомго жетпеген пенсия алат. Эми ага канча кошулса пенсионер сыртка саякаттай алат? «Т-Медиа» сурамжылоо жүргүзөт.
Пикир калтыруу