Шумдук! Айдоочу жүргүнчүгө кол көтөрдү. Видео

Бишкек-Кара-Балта каттамында жүргүнчү аялга маршруттун айдоочусу кол көтөрдү. Ал видеону социалдык тармактарга Айдана Абдылдаева жүктөгөн. 

Автор Facebook баракчасында жарыялагандай, окуя Бишкек-Кара-Балта каттамындагы №302 маршрутта болгон. Айдоочу жүргүнчүсүнө сөгүнгөндөн сырткары кол көтөргөнгө чейин барган.

«Жүргүнчү музыканын үнүн акырындатып кой десе, айдоочу аны аябай кагып-силкти. Маршрутту токтотуп кой десе аялды сыртка алып чыгып балдарынын көзүнчө сабады. Байкуш балдарынын жүрөгү түшүп калды. Мен да видеодон айдоочунун агрессиясын көрүп жакамды кармадым», — деп жазган автор.

Азыр айдоочунун жоосунсуз жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга кабылды.

 

Учурда окуяны жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өз көзөмөлүнө алды. Бул боюнча маалыматты ЖМК өкүлдөрүнө мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо