Жылдык кирешеси 30 миллиондук цемент завод кайрадан талашта

Ош менен Баткен облустары «Түштүк-кыргыз цемент» заводун кайрадан талашып чыкты. Эки облус заводдон түшчү салыктарга ээлик кылуу маселесин чече албай турушат.

Ноокаттын Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан цемент завод Баткен облусунун карамагына өткөрүлсүн деген талап кайрадан коюлду. Кызыл-Кыя шаарынын тургундары цемент заводду шаардын балансына кайтарып берүү талабы менен чыгышты. Алар завод Кызыл-Кыя шаарынын аймагында турат деген жүйөөнү келтиришет.

«2006-жылы биз юстиция министирлигине барганда алар архивдик документтердин негизинде цемент завод Кызыл-Кыя шаарына карайт деп токтом чыгарып берген. Азыр биз айыл аксакалдары элди адегенде арыз-дообузду бийликке жеткирели деп  басып отурабыз. Шаар элининин өкмөткө болгон ишеними кетти»,- деди  Абдыганы Абдыкадыров.

                                                          Өкмөттүн эки түрлүү чечими

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары билдиргендей, 2005-жылы цемент завод курулуп баштаганда Феликс Кулов премьер-министр болуп турган. Ошондо артта калган Баткен облусуна  цемент чыгаруучу завод курулсун деген чечим чыккан. Өндүрүштүк ишкана облустун экономикасын көтөрүү багытында салынганына карабай Ошко өткөрүлүшү акыйкатсыздыкка жатат дешет жергиликтүүлөр. 

«Бүгүнкү күндө бийликтегилер кандайдыр бир кызыкчылыктан улам Кызыл-Кыя шаарына караштуу цемент заводду Ноокат районуна өткөрүп койду. Вице-премьер-министр Замир Аскаров иштин чоо-жайын билбей туруп кол коюп койгон. Бул боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп каралсын деп талап кылабыз»,- деди  Абдыганы Абдыкадыров.

Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин депутаты Гайвали Самидиновдун айтымында, цемент завод жайгашкан жер Кызыл-Кыя шаарына карайт деген Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому 1958-жылы чыккан. Завод курулгандан кийин ал жерге Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтү ээлик кылып алган.

                                                    Салыкты тең бөлгөндөн чыккан чыр

Эки аймактын талашынан соң 2012-жылы Жогорку сот цемент завод жайгашкан жерди Ноокаттын Кулатов айылдык аймагына таандык деп тапкан.  «Түштүк-кыргыз цемент» заводунан түшкөн салыкты Баткен менен Ош облусуна тең бөлүү боюнча чечим чыккан эле.

“Цемент завод Кызыл-Кыя шаарынын ортосуна жайгашып, түндүк жагынан Жинжиген айылы, ал эми түштүк тараптан чыгыш кичи району курчап турат. Ага карабай Ноокат району ал эки айылды эмес, дал ошол цемент завод жайгашкан 29,5 гектар жерди гана талашууда. Биздин талабыбыз өкмөт чыгарган 284 токтомду жокко чыгарып, цемент заводду кайра Кызыл-Кыя шаарынын карамагына өткөрүп берсин”, —дейт Гайвали Самидинов.

Буга чейин парламентте цемент заводу жайгашкан жерди Ош облусуна өткөрүү боюнча токтом Баткендин кызыкчылыгын басмырлап, аймактык ажырымга алып келүүчү аракет катары сынга алынган эле. Буга байланыштуу өкмөт ал токтомду кайра чакыртып алган.

Ал эми Ноокаттын эли цемент завод жайгашкан жер Т. Кулатов айылдык аймагына караары Жогорку сотто ырасталганын жүйө келтиришүүдө.

Маселени Ноокат районун акими Давранбек Маматалиевдин өзүнөн тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Орун басары болсо бул маселе боюнча жооп бере албасын айтып интервьюдан баш тартты.

Талашка түшкөн завод жылына 1 миллион 200 миң тонна цемент өндүрүүгө ылайлакташкан. Бир жылдык бюджети болжолдуу 30 миллион сомду тузөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3477 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо