Эми Ошто муниципалдык автотоктомолор иштебейт. Тизме

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 4-октябрда кол койду. Эми мыйзамсыз жыйым топтогон жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. 

Бүгүн чыккан буйрук 5-октябрдан тартып күчүнө кирет. Аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жүктөлгөн.

Баш ийбегендерди административдик жоопкерчиликке тартуунун механизимдери азырынча иштелип чыга элек. Акчалай жазанын суммасы же жоопкерчиликке жыгуу боюнча чечим жакынкы күндөрдө Ош мэриясы тарабынан кабыл алынмакчы.

Азыр калаа башчынын буйругу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Ага ылайык, буга чейин акы алынган автоунаа токтоочу жайларда мындан ары төлөм жүргүзүлбөйт.

Айдоочулар эми автоунаасын төмөнкү токтомолорго акысыз токтото алат. Алардын тизмеси жана канча акча төлөп келгендиги инфографикада:

Ош мэриясы буйрук элдин нааразычылыгынан улам кабыл алынганын билдирүүдө.

«Баарыбызга  жашыруун эмес, бүгүнкү күндө шаардыктар муниципалдык автотоктомолорго нааразчылыктарын билдирип келишет. Буга автотоктомолор протокол боюнча 10 сом деп бекитилгенине карабай 20 сомдон алганы да түрткү. Ошол нааразычылыктарды эске алып жана «Т-Медиа» сайты сиздердин иликтөөдө келтирген далилдерден улам ушул чечим кабыл алынды»,- деди маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров.

Жакында эле «Т-Медиа» Ош шаарындагы акы алынчу автоунаа токтоочу жайлардын ишмердүүлүгү боюнча иликтөө жасаган. Анда автотоктомолор акыны эки эсе жогору алып, мыйзам бузуп жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Ош шаарында 26 муниципалдык автоунаа токтоочу жай бар болчу. Алардан жылына шаар казынасына 2 миллион сом түшүп турган.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*