Ош шаарынын күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш өтөт

Ош шаарынын күнүнө карата эркектер арасында волейбол боюнча ачык турнир өтөт. Эки күндүк мелдешке өлкөнүн түштүгүндөгү курама командалар катышмакчы.

Турнирдин максаты волейбол боюнча командалар арасында биримдикти күчөтүү.

Мелдештин тайпалык оюндары 4-октябрда Түштүк регионалдык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде саат 9:00дө башталат.

Ал эми жарым финалдык жана финалдык оюндар 5-октябрь күнү “Газпром” спорт комплексинде өтөт.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Автор Т-медиа 11673 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*