
Жакында Ош шаарында «Балдарга көмөк көрсөтүү» борбору ачылат. Ал зомбулукка кабылган балдарга ар тараптуу көмөк көрсөтмөкчү.
Борборду ишке киргизүү долбоору аягына чыгып калды. Жакында пайдаланууга берилээрин Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров менен «Гуд Нейборс Интернешнлдин» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжун Хонг Су жолуккан учурунда сөз кылышты.
Ар тараптуу көмөк көрсөтүүчү балдардын борбору Ош шаарында биринчи жолу ачылып жатат. Ал борбор баланын укугун коргоодон тартып, психологилык жактан да көмөк көрсөтөт.
Борбор балдарды социалдык жактан коргоого алуу максатын көздөйт. Долбоорду «Гуд Нейборс Интернешнлдин» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырып жатат.
Оставьте первый комментарий