
Ош облусунда пахтанын экинчи терими башталганы менен быйылкы баа чечиле элек. Облус жетекчилиги бул жылы ак алтындын баасы 46-47 сом болот деп божомолдоп жатат.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү «Т-Медиага» билдиргендей, ак буланын баасы түшүм толук жыйналып бүткөнгө чейин чечилип калат. Азырынча дыйкандар жыйналган пахталарын нарк бычыла электигине байланыштуу сактап турушат.
«Пахтанын баасы дүйнөлүк биржада чечилет. Азырынча пахтанын баасы былтыркыдагыдай эле 46-47 сом болот деп күтүп жатабыз. Бирок так айтыш кыйын. Себеби быйыл ак алтын жылдагыдан көбүрөөк эгилген. Буга былтыркы жылы пахтанын наркынын жогорулашы себеп болгон»,-деди аймактык бөлүм башчысы Райымберди Мөнөкбаев.
Быйыл Ош облусунда ак алтын 10480 гектар аянтта пахта эгилген. Көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1300 гектарга көп.
Азыр облуста пахта жыйноо 30 пайызга бүтүп калды. Жыйналган түшүм Орусия, Түркия жана коңшу өлкөлөргө эскпорттоо пландалып жатат.
Оставьте первый комментарий