Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди. Микровидео

Ош шааарынын 3018 жылдыгы быйыл жылдагыдан бир аз башкача белгиленди. Калаанын борбордук аянтында бул жылы театрлаштырылган оюн-зоок программасы өткөрүлгөн жок.

Шаар күнүнө карата онго жакын маданий-массалык  иш чаралар уюштурулган. Бирок салтка айланган сахналаштырылган оюн-зоок программасы көрсөтүлгөн жок. Ал эпизод эмнеге алынганын шаар мэри Таалайбек Сарыбашов мындайча түшүндүрдү.

Калаанын 3018 жылдыгына карата “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы да уюштурулган. Анда 13 диспоранын өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салтын, улуттук баалуулуктарын көрсөтүштү. Фестивалдын жүрүшү төмөнкү микровидеодо:

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” деп аталган майрамдык жарманке да болуп өттү. Иш чарага облустагы райондордон дыйкандар айыл чарба продукцияларын сатыкка чыгарышкан.

Ош шаарынын күнү жыл сайын белгилененет. Быйыл Ош шаарына 3018 жыл.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо