
Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде «Улуу Тоо»чек ара заставасы ачылды. Буга чейин Ноокаттын Таш-Булак айылын аскерлер келип-кетип көзөмөлдөп турушкан.
Аталган аймакта буга чейин мал уурулук күч алган, жергиликтүүлөрдүн мал-жандыктары Өзбекстан тарапка өтүп кетип көйгөй жаратчу. Эми ал маселеге чекит коюлганын мамлекеттик куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев билдирди.
-» Ноокат районунун аймагында бир эле чек-ара заставасы болот. Бул жерде баарыңыздарга белгилүү буга чейин тургундардын малы Өзбекстанга өтүп, алардын малы биз жака өтүп кетип көйгөйлөр жаралчу. Ушул жерге Улуу-Тоо заставасы коёлду. Андай көйгөйлөр эми жок болот»,-деди Райымберди Дүйшөнбиев
Дүйшөнбиев кошумчалагандай, Кыргызстанда бардык чек ара заставасын Орусия мамлекетинин жардамы менен курулууда.
Эскерте кетсек, Жылдын аягына чейин жети чек ара заставасы ачылмакчы.
Пикир калтыруу